Ибрагим Жунусов Карабюк провинциясынын губернатору Орхан Алимоглу менен жолугушту

Түркиянын Карабюк шаарында 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Карабюк провинциясынын губернатору Орхан Алимоглу жолугушту. Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуу Ч.Айтматов атындагы Түрк дүйнөсүн илимий изилдөө борборунун ачылышынын алкагында өттү. 

Жунусов өлкөлөр ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, маданият, билим берүү жана илим тармагында эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алышты. Тараптар аталган борбордун ачылышына байланыштуу биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти. 

 

 

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан