Синдзо Абэ: "Кыргыз мамлекети менен Япониянын мамилеси бекемделет"

"Кыргыз-япон мамилеси мындан ары да өнүгөт деген ишеничтемин",- деп билдирди Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ бүгүн, 26-октябрда Бишкекте журналисттер менен жолугушууда. Анын айтымында, маданий жана гуманитардык алаканы өнүктүрүү аркылуу өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү, кыргыз жеринде япон тилин окутууну жандантуу, япониялык уруш искусствосу жана спорттун башка түрлөрү боюнча тажрыйба алмашуу керек. 

"Борбор Азия+Япония" диалогунун алкагында Борбор Азиядагы аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдө тилектештикти бекемдейбиз. Бүгүнкү күндө айыл чарбасында малчылык жана азык-түлүк өндүрүшү боюнча программаларыбыз, мындан тышкары япониялык айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча долбоорлорубуз иштеп жатат",- деп билдирди Абэ.  

 

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан