Алмазбек Атамбаев жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу Пакистандын президентине көңүл айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-октябрда адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Пакистандын президенти Мамнун Хусейнге көңүл айтты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, көңүл айтуу телеграммасында: "Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Пакистанда кыйратуучу жер титирөөнүн жыйынтыгында көптөгөн адамдардын каза болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деп айтылат. 

Өлкө жетекчиси кырсыктан каза болгондордун жакындарына да көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалады. 

Президент ушундай эле көңүл айтууну Ооганстандын президенти Ашраф Ахмадзай Ганиге да жолдоду. 

Эскерте кетсек, 26-октябрдагы жер титирөөдө Пакистанда 200дөй жаран каза таап, 1000дей адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан