* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы ырчы Кутман Жолдошев Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1984-жылы айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 1985-1987-жылдары аскерде кызмат өтөгөн.
Болочок ырчы алгач сүрөтчү болууну эңсеп, Оштогу Гапар Айтиев атындагы сүрөт мектебин бүтүргөн. Ал эми 1994-жылы Жалал-Абаддагы Б.Алыкулов атындагы Маданият техникумун аяктаган. 1996-жылы обончу Арзыбек Бедияров менен таанышып, обончунун ырларын аткарып калган. Алардын бирге иштешүүсүнөн “Кутмандуу жерим”, “Ушундай беле бешене?”, “Көргөндө адатың бар күлүп коймой”, “Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” аттуу обондор жаралып, угармандарга тартууланган. Кутман Жолдошевдин репертуарында Р.Абдыкадыровдун "Алмашым", "Сагынуу", К.Досманбетованын "Унутпадым", А.Корозбаевдин "Коштошууга кыйын, ай", Э.Кайымовдун "Мекенге таазим" деген ырлар бар.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарында кайталангыс талант, түбөлүктүү сыймыгыбыз Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылышы болгон. "Түрк дүйнөсү" биримдигинин демилгесинин алдында айкел менен бирге Айтматов атындагы Билим үйү жана кыргыздын боз үйү дагы келгендердин көңүлүн бурган. Бул аземге кыргыз элинин атынан Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү адамдар барып келишкен.
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы “Майкрософт” корпорациясынын негиздөөчүсү, учурда дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири (2009-жылдын сентябрына карата байлыгы 50 миллиард долларды түзгөн) америкалык Билл Гейтс Сиэтлде (Вашингтон штаты) туулган.
Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзүп чыккан. Орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк салт боюнча Гарвардга тапшырган. Ата-энесинин планы боюнча, атасына окшоп адвокат болмок. Бирок Гарварддан тапкан бир гана пайдасы досу, “Microsoft`тун” болочок президенти Стив Баллмерди жолуктурганы болгон. Билл Гейтс студент кезинде "M.I.T.S." компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип, Гейтс улуу “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен. Окуусу экинчи планда калып, сабакты көп калтырып, жетишпей калгандыктан, ЖОЖдон айдалган. 1975-жылы Гейтс Пол Аллен менен бирге “Micro-Soft”, кийинчерээк “Microsoft” деп өзгөртүлгөн компанияны негиздешкен. 2008-жылдын 7-январында Билл Гейтс “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын аткаруучу директорунун да ордун бошотуп, ордуна Гейтстин студент кездеги досу Стив Балмер келген.
* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы казак ырчысы Роза Рымбаева Казакстандын Семипалатинск облусуна караштуу Жангизтөбе станциясында төрөлгөн. Роза интернаттан билим алган. Мектеп-интернатын аяктаган соң Алматы шаарын көздөй сапар тартып, 1975-жылы 18 жашында музыкалык орто окуу жайына тапшырып, студенттердин катарына кошулган. Ошол эле жылы “Гүлдер” деп аталган эстрадалык ансамблде ырдап калган. Көп узабай “Алия” аттуу ыры менен бүткүл совет өлкөлөрүндө популярдуу болууга жетишкен.
Жаш экенине карабай Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты жана “Өмүр бою ыр менен”, “Алтын Орфей”, “Сопот” сынактарынын жеңүүчүсү, андан тышкары "Казак ССРинин Эмгек сиңирген артисти" деген наамдын ээси болгон. Кийинчерээк Парасат ордени менен сыйланган, "Казак ССРинин Эл артисти" наамына жана “Сахна жылдызы” сыйлыгына арзыган.
28-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.