БШК "Өнүгүү-Прогресстин" тизмеден чыгарылган талапкери Нургазы Айдаровду кайра тизмеге кошту

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан чыгарылган талапкер Нургазы Айдаровду кайрадан тизмеге киргизүү чечимин кабыл алды. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдиргендей, анын кайра тизмеге киришине Жогорку Соттун чечими негиз болду. Жогорку Сот "талапкердин тизмеден чыгарылышы мыйзамсыз" деген чечим чыгарган. Талапкерди кайрадан тизмеге киргизүү боюнча Бекбасаровдун сунушун комиссиянын башка мүчөлөрү да колдоого алышты. 

Эскерте кетсек, Жогорку Соттун чечиминин негизинде "Республика - Ата Журт" партиясынын да мурда тизмеден чыгарылган 6 талапкери кайра тизмеге киргизилди.  

 

 

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан