Бүгүн, 27-октябрда саат 14:00 чамасында Бишкектеги Алматы көчөсүндө мотоцикл менен маршруттук такси сүзүштү. Бул боюнча SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган окурмандын билдиришинче, мотоцикл айдоочусу кырсык болгон жерден көз жумган. Окурман көз жумган айдоочу 20-25 жаштардагы жигит экенин айтып, ал катуу ылдамдыкта келе жатып маршруттук таксини сүзүп алганын билдирүүдө. Ал эми маршруттук таксиден эч ким жаракат алган эмес.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.