8-ноябрь күнү Бишкектин Көк-Жар конушунун 1981-жылы туулган тургуну Мажид Алымкулов Фольксваген-Гольф-4 үлгүсүндөгү машинасы менен Талас районунда батышты көздөй келе жатып, Кеңеш айылынан 3 баш койду сүзүп качып кеткен. Койлор Бакай-Атанын Чоң-Алыш айылынын 1974-жылкы тургуну Гүлжигит Нарынбаевге таандык болгон жана ал койлорун айдап бараткан.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.