"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы Жогорку Соттун чечимин карап чыгуу өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйынында аталган партиянын тең төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоодо жарандардын укуктарынын бузулушу жана миңдеген шайлоочулардын добушунун саналбай калышы ушуга түрткү болууда.
"Шайлоодо добуштардын туура эмес саналганы боюнча онго жакын далил бар. Алардын бири тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланган. Видеодо бир шайлоо участкасында бир адам отуруп алып 500 бюллетенди биринин аркасынан экинчисин киргизип жатканын көрүүгө болот. Аны баарыбыз көрдүк. Үч шайлоо участкасы боюнча протоколдор менен Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматтардын айырмасы чоң болууда",- деди Мадумаров.
Эскерте кетсек, бир катар шайлоо участкаларында добуштарды кайра санатуу боюнча партиянын арызын Жогорку Сот 27-октябрда канааттандырган эмес.