Бишкекке АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри келет

Кыргыз мамлекетине АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри келет. АКШ элчилиги 28-октябрда билдиргендей, Керри Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы корпусунун ачылышына катышат. "Азыркы учурда Керринин жолугушууларынын жана ал катышчу иш-чаралардын графиги такталууда",- деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка таянсак, АКШнын мамлекеттик катчысы 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Кыргыз Республикасы, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда иш сапары менен болот. Бул Керринин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган биринчи иш сапары болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан