Дүйнөлүк банктын "Ишкердик жүргүзүү-2016" рейтингинде кыргыз өлкөсү 35 орунга көтөрүлүп, 67-орунду ээледи. Буга чейин Кыргыз Республикасы 102-орунда эле. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы 28-октябрда билдирди.
Дүйнөлүк банк 13 жылдан бери 189 мамлекеттеги ишкердик жүргүзүүгө түзүлгөн шарттарды салыштырып, алардын рейтингин түзүп келет. Анда ишкердикти жүргүзүүгө көмөктөшүүчү же тоскоол болчу нормалар, салык салуу, инвесторлордун укуктарын коргоо текшерилет. Он жылдан бери рейтингдин сап башында Сингапур мамлекети турат. Андан сырткары ондукка быйыл Жаңы Зеландия, Дания, Түштүк Корея, Гонконг, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Норвегия жана Финляндия кирди.