Жылнаама, 29-октябрь: Мындан 67 жыл мурун 5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан ЖКнын депутаты Феликс Кулов туулган

* Мындан 96 жыл мурун, 1919-жылы драмалык актриса, СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова Фрунзе шаарында (Бишкек) туулган. Актрисалык ишмердиги 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрында башталган. Ал театрда иштеп турганда көп негизги ролдорду аткарган. Анын жараткан образдары өзүнүн эмоциялуулугу, таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган. Өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандар анын чыгармачылыгында басымдуу орунду ээлеген. Ал Толгонайдын (Ч.Айтматов, "Саманчынын жолу") оптимисттик пландагы эң күчтүү жана таасирдүү образын салмактуу жана монументалдуу көрсөткөн. Кинофильмдерде да ролдорду аткарган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 1997-жылы 78 жаш курагында көзү өткөн.

* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы 5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан ЖКнын депутаты, “Ар-намыс” партиясынын төрагасы, өлкөнүн 10-премьер-министри, генерал-лейтенант Феликс Кулов Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1971-жылы СССР ИИМинин Омск жогорку мектебинен жогорку юридикалык билимге ээ болсо, 1978-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМинин академиясын “башкарууну уюштуруу” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгүн 1966-жылы Фрунзе шаарынын ИИБинин өзүнчө полкунун ыкчам взводунда милиционер болуп иштөөдөн баштаган.

* Мындан 77 жыл мурун, 1938-жылы атайын 31 кишини өлтүргөн америкалык медайым Жейн Топпан 84 жашында жиндиканада жатып каза болгон. 
Жейн Топпан 1885-жылы медайымдын окуусун окуй баштаган. Ал оорулуу адамдарга ар кандай күчтүү дарыларды көп өлчөмдө сайып, ал оорулуулардын нерв системине кандай таасир этерине байкоо жүргүзгөн. Жейн Топпан 1901-жылы 26-октябрда киши өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Алгач 11 кишини өлтүргөнүн моюнуна алса, кийин 31 адамды өлтүргөнү далилденген. Кылмыш иликтөө убагында Жейн Топпандын психикалык жактан оорулуу экени аныкталган. Сот аны күнөөсүз деп таап, жиндиканага жаткыруу тууралуу өкүм чыгарган. Жейн Топпан калган жашоосун өмүрүнүн аягына чейин жиндиканада өткөргөн.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Түркия Республикасынын 90 жылдык мааракесине карата узундугу 13 чакырым 600 метрди түзгөн "Мармарай" суу алдындагы темир жол тоннелинин ачылыш салтанаты болуп өткөн. Аталган тоннель Стамбулдун Европа менен Азия бөлүгүн туташтырып, дүйнөдөгү эң терең суу алдында салынган тоннелдердин экинчиси болуп саналган. Анткени ал Босфор кысыгынын алдында, 55 метр тереңдикте салынган. Күнүнө 1,5 миллион жүргүнчүнү ташууга ыңгайлашкан. Долбоордун жалпы суммасы 3,3 миллиард еврону түзгөн. Тоннель 2004-жылы курулуп баштаган. Тоннелдин Европа жээгиндеги кире бериш оозу Казлычешмеде, ал эми Азиядагы кире бериш оозу Айрылыкчешмеде жайгашкан.

 

29-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан