Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланды.
Анын жүрүшүндө Нарымбаевдин жактоочулары Назгүл Түлееванын жана Коркмазовдун 2015-жылдын 1-апрелинен 7-майына чейинки телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жазууларын сотто кароону өтүнүштү. Мындан тышкары адвокаттар судьядан быйылкы жылдын 7-майында Ак үйдүн 7-кабатына барган жарандар жөнүндө маалыматтарды топтоо керектигин айтышты.
Судья бул өтүнүчтөрдү канааттандырды. Андан соң кийинки соттук отурумду 30-октябрга дайындады.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.