Малайзиялык фотограф "National Geographic" журналынын сынагына Кыргызстандан тарткан сүрөттү жиберди

Малайзиялык фотограф Шимри Лим "National Geographic" журналынын сынагына өзү тарткан сүрөттү жиберди. Сүрөт "Кыргыз аңчысы" ("Kyrgyz Hunter") деп аталып, анда Кыргызстандын тоосунда бүркүт кармап турган аңчы тартылган. "Бүркүтчөн аңчыны Кыргызстандын бийик тоолорунан жолуктурууга болот. Кармалган бүркүттөр аңчылыкка балапан кезден баштап үйрөтүлөт. Бул канаттуу колго үйрөтүлгөндөн кийин аны менен байланыш түбөлүккө сакталат",- деп айтылат сүрөттүн түшүндүрмөсүндө. 

Белгилей кетчү нерсе, кыргыз мүнүшкөрү чагылдырылган дагы бир сүрөт кечээ жакында Малайзиянын популярдуу "New Straits Times" гезитинде да кыскача баяндама менен жарык көрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан