Алмазбек Атамбаев: "Акыркы жылдары Ош шаарынын эмгекчил, мээнеткеч эли эриш-аркак жашап, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын тургундарын шаардын 3015 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

“Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Баарыңыздарды Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ош – Кыргыз Республикасындагы гана эмес, Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Быйыл Ош калаасы 3015 жылдыгын белгилеп жатат. Касиеттүү Сулайман-Тоонун этегиндеги шаар аркылуу Улуу Жибек жолу өтүп, Батыш менен Чыгышты, Европа менен Азияны байланыштырып турган.

Эзелтен Ош кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, усталардын жана зергерлердин башын бириктирип, берекенин, молчулуктун жергеси болуп келген. Көптөгөн улуттун өкүлдөрү байырлап, нечен-нечен кылымдар бою ынтымакта жана биримдикте жашоонун жакшы салттарын калыптандырган.

Эгемендик жылдары Кыргыз Республикабыз татаал жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Өлкөбүздүн тагдырына туш келген сыноолорду Ош шаары дагы баштан кечирди. Кыргыз Республикасынын сабырдуу жана кеменгер элине терең таазим! Ниети бузук саясатчы сөрөйлөр элдин ынтымагын ыдыратып, мамлекеттин биримдигине коркунуч келтиргенде жалпы Кыргыз Республикасынын эли түп көтөрүлө Ош шаарынын тургундарына жардамга келди. Туруктуулукту калыбына келтирип, тынч турмуш жолуна түшүүгө жапа тырмак көмөктөштү. 

Акыркы жылдары Ош шаарынын эмгекчил, мээнеткеч эли эриш-аркак жашап, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Мамлекет тарабынан дагы шаарды өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар бөлүнүүдө. Жаңы конуштар түптөлүп, мектептер, жолдор, спорттук залдар, спорт аянтчалары курула баштады. Жаңы эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктап, ишке киргизилди.

Биздин максатыбыз – ата-бабаларыбыз кылымдар бою калыптандырган ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо, пейилибизди оңдоп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, Ошту кийинки муундар суктангыдай шаарга айландыруу.

Байыркы Ош шаарынын келечеги кең, бирок шаарыбызды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөйлү, бул баарыбыздын ишибиз. Шаардын ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктүү кылууга өз салымын кошууга тийиш.

Ош калаасынын тургундарына чың ден соолук, бак-таалай жана ынтымак каалайм. Байыркы сыймыктуу шаарыбыз мындан ары дагы гүлдөп өнүгүп-өсө берсин!"

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан