Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып, ага башкаруучу коалицияны түзүү укугун тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы КСДПга жана башка фракцияларга жаңы коалицияны түзүүдө бийликтин бардык бутактарынын алдында 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу маселеси турганын эске алууну сунуштады.
Аны менен катар өлкөнүн каржылык жана экономикалык жактан көз карандысыздыгына жетишүү, жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттик башкаруудагы негативдүү көрүнүштөрдү жоюу, соттук реформа жүргүзүү жана терроризм менен экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү керектигин баса белгиледи.