Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр өлкө башчыга Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондугу тууралуу маалымат берди.
"2015-жылдын 28-октябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 42-пленардык жыйынында 195 өлкөнүн өкүлдөрү добуш беришип, мамлекетибиз 147 добушка ээ болгон. Биздин өлкө кийинки жылдын 1-январынан тартып мүчө боло алат",- деди министр.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы адам укуктары негизги баалуулук катары саналган мамлекет болуш үчүн татаал жолду басып өткөнүн белгиледи.
Президент кыргыз өлкөсүнө ишеним көрсөткөн бардык мамлекеттерге ыраазычылыгын айтты.