Өмүрбек Текебаев: "Коалицияга кирүү сунушу түштү"

"Коалицияга кирүү сунушу түштү",- деп билдирди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын 29-октябрдагы жыйынында. Сунуш учурда фракция мүчөлөрү тарабынан талкууланууда. Андагы айтылгандарга караганда, бир-эки күндүн ичинде коалиция түзүлүп, премьер-министрлик кызматка талапкер сунушталышы мүмкүн. "Ата Мекен" коалицияга кирсе, парламенттеги депутаттарынын санына жараша кайсы бир министрликке квота берилиши ыктымал экени да айтылды.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев парламентте коалициялык көпчүлүк түзүү укугун бүгүн КСДП фракциясына берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан