Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-октябрда "Ата Мекен" фракциясы коалициялык көпчүлүккө кошулуу сунушун талкуулады. Фракция лидери КСДПдан коалицияга кирүү боюнча сунуш түшкөнүн айтып, маселени ортого салды. Депутат Садык Шер-Нияз: "КСДП менен коалицияга кошулууну колдойбуз, анткени бул партия менен негизги максаттарыбыз бир. Демократиялык багыттарды өнүктүрүү боюнча жолубуз окшош",- деп билдирди.
Жыйынтыгында коалициялык көпчүлүккө кирүү сунушун фракция мүчөлөрү бир добуштан колдошту. Жаңы түзүлчү коалиция "Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" деп аталат.