* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы кыргызстандык реставраторлор Манастын күмбөзүн оңдоо иши дээрлик бүткөнүн билдиришкен. Реставраторлордун жетекчиси Борис Помаскиндин билдирүүсүнө караганда, күмбөздү оңдоо ишине 7 миң чамалуу атайын бышырылган кыш даярдалып, эскилердин орду жаңы кыштар менен жаңыртылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Түркиянын Эрзурум шаарындагы аэропортко кыргыз учагы ИЛ-76 конгон. Андан кийин аэропорттогу түрк диспетчерлеринин буйругу боюнча учак туруучу жерге карай бара жатып канаты менен грузиялык учакты сүзүп кеткен. Жыйынтыгында грузиялык учактын алдынкы айнеги, кыргыз учагынын канаты зыянга учураган. Андан жабыр тарткандар болгон эмес, анткени эки учак тең Түркияда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гумжардам алып барган жүк ташуучу учактар болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өткөн. Анда 16 адам президенттик үчүн ат салышып, КСДПнын лидери Атамбаев 60 пайыздан ашык добуш менен жеңип чыккан. Ал эми “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандын” башчысы Адахан Мадумаровдун алган добуштары болжол менен 15 пайызды түзгөн.
* Мындан 55 жыл мурун, 1960-жылы аргентиналык футболчу Диего Марадона Буэнос-Айрес шаарында туулган. 7 жашка толгондо спортко баш-оту менен кирип, футбол талаасында көрүнүктүү оюн көрсөтө баштаган. 16 жашында өлкөдөгү чемпиондукта "Аргентинос Хунирос" командасы үчүн алгачкы оюнун көрсөтө алган.
30-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.