Бүгүн Тажикстанда КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт

Бүгүн, 30-октябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйыны өтөт. КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши ар кыл багыттагы актуалдуу маселелерди талкуулап, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка багытталган документтерди карамакчы. Жыйындын күн тартибинде КМШ алкагындагы экономика, өнөр жай, энергетика, билим берүү, экологиялык мониторинг жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана инновация тармагындагы маселелер коюлган.

Аталган жыйынга катышуу үчүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Темир Сариев 29-октябрда жөнөп кеткен.

2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Кыргыз Республикасы төрагалык кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан