Экономика министрлиги: ЕАЭБге киргенден кийин өлкөдө тигүү өндүрүшү жанданды

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин өлкөдө кийим тигүү өндүрүшү жанданды. Бул тууралуу 29-октябрда Экономика министрлиги билдирип, акыркы жылдары тигүү тармагы аксап келгенин маалымдады. 2013-жылдын жыйынтыгында тигүү өндүрүшү 17,4 пайызга, 2014-жылдын жыйынтыгында 23,6 пайызга, 2015-жылдын 6 айында 40 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

"Тигүү продукцияларын өндүрүүнүн азайышы аймактагы экономикалык кризис, улуттук валютанын девальвациясы жана Орусия менен Казакстандын ири базарларында сатып алуучулардын азайышы менен байланыштуу. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен тигүү өндүрүшүнүн төмөндөшү 27 пайызды түздү. Демек, өлкөнүн ЕАЭБге кириши тармактагы солгундоонун темпин азайтты, 40 пайыздан 27ге түшүрдү",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан