6-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аталган жаран Кара-Суу районунун бир канча кызматкерлери менен биргеликте 2006-жылы “Кыргыз соода биримдиги” ишканасына тиешелүү болгон 0,76 гектар жерди К.М. аттуу жаранга 200 миң долларга сатып жиберген. Маалым болгондой, бул акчанын 42 миң доллары гана айыл өкмөттүн казынасына түшкөн. Ал эми калган акчаны айыл өкмөт жетекчиси шериктери менен бөлүп алган. Бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери иликтөө ишин баштаганда аталган жаран ишти ырбатпоо үчүн 20 миң доллар акча сунуштаган. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө улантылып жатат.