"Республика - Ата Журт" фракциясы кол тийбестик, кызматтык унаа жана батирден баш тартат

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясы депутаттык кол тийбестик, кызматтык унаа, жардамчы жана батирден баш тартат. Мындай чечим бүгүн, 30-октябрда фракциянын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов "Республика - Ата Журт" коалициялык көпчүлүккө кирсе да, кирбесе да кол тийбестиктен баш тартууну бардык депутаттарга сунуштай турганын билдирди. Бабанов өз командасы менен оппозицияда калууга даяр экенин да билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттык артыкчылыктан баш тартарын КСДП жана "Ата Мекен" фракциялары жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан