Бүгүн, 30-октябрда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантты. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдиришти. Жыйынтыгы да белгилүү болду. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки фракциянын ортосунда Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмү боюнча оюбуз, пикирибиз дал келди",- деп билдирди Турсунбеков.
Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү боюнча "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен да бир пикирге келгенин кечээ билдирген.