Бүгүн, 30-октябрда Тажикстан Республикасынын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышты.
Кол коюлган документтер:
- 2011-жылдын 18-октябрындагы "Эркин соода аймагы жөнүндө" келишимдин талаптарын жана КМШнын 2020-жылга чейин экономикалык өнүгүү стратегиясынын үчүнчү этабын ишке ашыруу планы боюнча чечим;
- КМШ өлкөлөрүндө эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык бир катар талаптарды ишке ашыруу боюнча макулдашуу;
- 2020-жылга чейин КМШ өлкөлөрүндө жаратылыш газын транспорт каражаттары үчүн мотордук күйүүчү май катары пайдалануу боюнча комплекстүү чаралар жөнүндө документ;
- Губкин атындагы Орус мамлекеттик университетинин базасында жаратылыш газын өндүрүү, ташуу, сактоо жана мотордук күйүүчү май катары колдонуу тармагында КМШ өлкөлөрүндө адистерди даярдоо боюнча эл аралык окуу борборун ачуу жөнүндө документ;
- Улуу Ата Мекендик согушка, башка мамлекеттердеги согуштук аракеттерге катышкандар жана каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктерди берүү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
- КМШ өлкөлөр аралык статистикалык комитетинин төрагасы жөнүндө документ;
- КМШ өлкөлөрүндө террорчулукка каршы күрөшүү борборунун жетекчисинин орун басары жөнүндө документ.