* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аксердик кызматын өтөгөн. Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Кубик Калыковдун 100дөн ашык обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.
* Мындан 2084 жыл мурун, б.з.ч. 69-жылы Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра VII туулган. Ал Птолемей XIIнин кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы ханышасы болгон. Тарыхта Клеопатра мүнөзү абдан катаал, 7 тилде эркин сүйлөгөн Египеттин билимдүү аялдарынын бири катары калган. Ал өз өмүрүн Александрияда өткөргөн. Анын туугандары Египетти үч кылымдан ашык убакыт башкарышкан.
* Мындан 120 жыл мурун, 1895-жылы Александр Пушкинди дуэлде атып өлтүргөн Жорж Дантес 83 жашында каза болгон.
Жорж Дантес - франциялык монархист, 1830-жылдары Орусияда жашаган. Саясат менен алектенип, Францияда сенатор болгон. Ал тарыхта орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкинди дуэлде жарадар кылганы менен калган. Ал дуэлден кийин Пушкин каза болгон.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Шахрух Нью-Делидеги лицейде окуп, аны бүткөндөн кийин Дели шаарындагы университеттин алдында ачылган колледжге тапшырган. Андан кийин магистратураны бүтүрөт.
Колледжде болочок актёр англис тилин чоң кызыгуу менен окуган. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүргөндө баштаган. Алгач Шахрух сериалдарга тартылып, 1991-жылы "Идиот" деген киного тартылгандан кийин таанылган. Ошол эле жылы "Чары колдовские", "Мечты джентльмена" аттуу тасмаларда роль жаратууга жетишкен. Өзгөчө анын "Наступит ли завтра или нет?" деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде да белгилүү болгон.
Шахрух "Мыкты актёр", "Мыкты роль", "Кино жылдыз", "Индиянын мыкты атуулу" сыяктуу наамдардын бир нече жолку ээси.
2-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.