Президент: "Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды бузууну каалаган күчтөр болууда"

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 31-октябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Милициянын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер өтөгөн кызмат ары татаал, ары коркунучтуу. Кайраттуулукту, темирдей бекем эркти, кыраакылыкты, эрдикти талап кылат. Күн сайын кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жарандардын коопсуздугунун, алардын ден соолугунун жана өмүрүнүн сакчылыгында болосуздар.

Акыркы жылдары мамлекеттин күч түзүмдөрүнө болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөрдү, биз мындан ары да укук коргоо органдарын ар тараптан колдойбуз. Милиция кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо боюнча чаралар көрүлөт. Укук коргоо органдарын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртууга олуттуу каражаттарды жумшайбыз. Мыйзамды, ар бир жарандын, жалпы коомубуздун коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн милиция бардык зарыл нерселер менен камсыз болушу керек.

Жалпы адамзаттын башына түшкөн мүшкүл, чек араны билбеген көрүнүш катары террорчулук биздин коомубузга түздөн-түз коркунуч келтирип жатат. Анын үстүнө Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды бузууну каалаган күчтөр да бар болууда. Алар мамлекетибизди мурдагыдай эле алсыз деп эсептеп, өздөрүнүн мыйзамсыз, бузуку иштерин уланта бергиси келишет. Бүгүн биздин өлкөбүздөгү кырдаал алар ойлогондой эмес, башкача. Бизде тартипти жана коопсуздукту камсыз кыла турган түзүмдөр жана органдар бар. Буга жакында эле Бишкекте өткөрүлгөн атайын операция далил боло алат. ИИМдин кызматкерлери түрмөдөн качкан өтө коркунучтуу кылмышкерлерди зыянсыздандырып, масштабдуу трагедиянын алдын алышты. Милиция бул коркунучка каршы келишкис күрөштү улантып, экстремисттик жана террорчулук аракеттерге мыйзам алкагында ыкчам жооп кайтарышы керек.

Сиздер канчалык жакшы, сапаттуу иштесеңиздер, коомубуздун бийликке ишеними ошончолук өсүп, өлкөдө туруктуулук орноп, адамдардын бейпилдиги жана эртеңки күнгө болгон ишеними артары эсиңиздерде болсун. Ошондуктан биз ички иштер органдарын реформалоого жана милиция кызматкеринин жаңы образын түзүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Коомубузда милициянын дарегине канчалык сын-пикирлер айтылбасын, жарандарыбыз өздөрүн жана жакындарын ар кандай зомбулуктардан жана адилетсиздиктен милиция коргойт деп ишенет. Андыктан ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнө талапты катуу коюуга тийиш, анткени жарандарыбыз биринчи кезекте милицияны бийликтин, мамлекеттин өкүлү катары кабыл алышат. Сиздер өз абийириңиздердин, элдин алдында таза болуп, милиционердин наамын татыктуу алып жүрүңүздөр.

Мекен үчүн өтөгөн кызматыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Антка бек туруп, ар дайым кызматыңыздарды так аткарып, алдыга коюлган милдеттердин өтөсүнө чыгасыздар деп терең ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми өлкөбүзгө тынчтыкты, бейпилдикти жана өнүгүүнү каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан