Аба ырайы, 2-ноябрь: Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт

2-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн +1°C

Талас облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +5°C

Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +4°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +2°C

Нарын облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C

Бишкек шаары. Күндүз +2°C, түнкүсүн +1°C

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан