Жылнаама, 3-ноябрь: Мындан 115 жыл мурун "Adidas" компаниясынын негиздөөчүсү Адольф Дасслер туулган


* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы "Кара-Суу" базарында даараткана урап, ичине 19 адам түшүп кеткен. Жыйынтыгында 4 адам каза таап, 12 адам ооруканага жаткырылган.

* Мындан 115 жыл мурун, 1900-жылы немис ишкери, "Adidas" компаниясынын негиздөөчүсү Адольф Дасслер туулган. Кесиби өтүкчү болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин бут кийим чыгаруучу фабрикада иштеген атасынын жардамы менен спорттук бут кийимдерди чыгара баштаган. 1923-жылы чакан ишканасына улуу агасы Рудольфту жумушка алган. Ал эми 1924-жылы 1-июлда Рудольф жана Адольф расмий түрдө "Gebrüder Dassler" компаниясын негиздешкен. Убакыттын өтүшү менен бир туугандардын мамилелери бузулуп, алар 1948-жылы компанияны тең экиге бөлүп алышкан. Адольф өзүнчө "Adidas" компаниясын негиздесе, Рудольф өзүнүн ишканасын "Puma" деп атаган.
1978-жылы 18-августта Адольф Дасслер инсультка кабылып, 6-сентябрда 77 жашында көз жумган.

* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы теги швециялык болгон америкалык актёр, режиссёр, сценарист жана продюсер Дольф Лундгрен Швециянын Стокгольм шаарында туулган.
Дольф Лундгрен 1985-жылы "Рокки" тасмасынын 4-бөлүгүндө советтик мушкер Иван Драгонун ролун аткарып атактуулукка жеткен. Андан соң "Разборка в Маленьком Токио", "Универсальный солдат", "Властелины Вселенной", "Дерево Джошуа", "Каратель", " Неудержимые" сыяктуу 50дөн ашык тасмада роль жараткан.
2004-жылы режиссёр катары дебют жасап, "Защитник" фильмин тарткан. Ошондон кийин "Механик", "Миссионер", "Опасная гастроль", "Машина для убийств" тасмалары жарык көргөн.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы "Burda moden" журналынын негиздөөчүсү Энне Бурда 96 жашында Германиянын Оффенбург шаарында каза болгон. Энне Бурда 1949-жылы "Burda" журналын негиздеген. Анда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки аялдардын кийинүү маданиятына басым жасалган. Ал эми аталган журнал 1950-жылдан тартып басылып чыгарыла баштап, 1965-жылы анын нускасы 1 миллионго жеткен. Учурда "Burda moden" журналы "Burda Fashion" деп аталып, ондогон тилдерде жүздөгөн өлкөлөрдө басылып чыгарылат.

3-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AFFANCULO
2015-11-02 19:09:50
Мм адидас мн пума эки бир туугандыкы турбайбы,урушуп ,бөлүнүп кеткендери эле жаман болуптур да)) болбосо "Gebrüder Dassler"мода болмок экен))
0
edu.kg.
2015-11-02 19:49:36
Пума адидас эки бир туугандын компаниясы экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан