Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 2-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу маданият кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өзүнүн өсүү жолунда узак, татаал кылымдарды башынан кечирген кыргыз эли - көөнөргүс жана кайталангыс маданияты бар эл. Калкыбыздын алмустактан берки тарыхын, каада-салтын, маданиятын, ар-намысын жана Ата Мекен үчүн күрөшүн чагылдырган улуу дастаныбыз “Манас” үчилтигинин дүйнөлүк маданият кенчине айланышы бекеринен эмес.

Келерки жылы улутубуздун маданий-руханий уюткусу түгөнгүс экенин Жер жүзүнө даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жергебизде экинчи жолу өткөрүлөт. Азыр жер-жерлерде ата-бабалардын каада-салтынын мыкты үлгүлөрү, улуттук оюндар жанданууда. Көркөм адабиятка, поэзияга ышкысын арткан таланттуу жаштар өсүп келатат.

Маданияттын күчү – адамдарды күнүмдүк тириликтен баш көтөртүп, өмүрдүн маңызы, жакшылык, сүйүү, тынчтык сыяктуу улуу дөөлөттөр тууралуу ойго салуу, Ата Мекенин, эл-жерин кадырлоо сезимин курчутуу. Ааламдашуу доорунда элибиз маданият аркылуу гана өзүнүн нукура улуттук асыл сапаттарын сактай алат. Ошондуктан ар бирибиз маданиятка өзгөчө камкордук менен мамиле жасоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз алтын бешигибиз болгон Ата Мекенибизди сүйгөндөй тилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды да баалап, ардактоого милдеттүүбүз.

Маданиятына кайдыгер караган мамлекеттин келечеги жок. Ошондуктан маданият тармагы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, маданий мекемелердин материалдык базасын чыңдоо, маданият кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселелери ар дайым мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болот.

Ардактуу маданият жана искусство кызматкерлери! Сиздер бар үчүн искусство сүйүүчүлөр театрлардан спектаклдерди көрүшөт, музыка угушат, музейлерге жана көргөзмөлөргө барышат. Миңдеген балдар жана кыздар көркөм өнөр, музыка дүйнөсүнө аралашат жана ыр-бий үйрөнүшүп, чыгармачылыгын, эстетикалык табитин өстүрүшөт. Сиздер алардын талантын жана жөндөмүн ачып, таалим-тарбия бересиздер.

Мындан ары да сиздер элибиздин кылымдар бою мыскалдап чогулткан маданий мурастарын сактап, байытып, келечек муундарга жеткирүү менен калкыбызды жаратман эмгекке жана руханий тазалыкка, жакшылыкка жана бийик адамкерчиликке багыттай бересиздер деп ишенем. Майрамыңыздар кут болсун, сиздерге чыгармачылык жигер, чың ден соолук каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан