3-ноябрда республиканын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -3°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -4°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн 0°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн 0°C
Нарын облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -3°C
Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -4°C