Эртең, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өкмөттүн курамын түзүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн фракция лидерлери премьер-министрдин, анын орун басарларынын жана министрлердин кызматтарына талапкерлерди талкуулашат.
Айта кетсек, кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү түзүлгөн. Анын ичине КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми оппозицияда "Республика - Ата Журт" менен "Бир бол" калган. Коалициялык көпчүлүк парламенттин төрагасы кызматына Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин жактырган.