Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахман уулу 2-ноябрда шаардагы мекемелерге жылуулук берүүнүн жүрүшүн тармактык мекемелердин башчылары менен талкуулады. Мэриянын билдиришинче, Ош ЖЭБинин жана "Жылуулук" ишканасынын жетекчилери үйлөрдү, социалдык мекемелерди жылытуунун абалы тууралуу маалымат беришти. Ош шаарындагы ЖЭБ 2-ноябрда жылуулук берүүнү баштады. Шаардык билим берүү башкармалыгы Оштогу бардык мектептер, бала бакчалар менен жогорку окуу жайлары кышка даяр экенин билдирүүдө.
"Жыйында шаарды электр энергиясы менен камсыздоочу ишканалардын ишине өзгөчө көңүл бурулду. Аларга коммерциялык жоготуулардан качуу, чубалгылардын уурдалышына жол бербөө, жарандардын кайрылуусуна ыкчам реакция кылуу тапшырмалары берилди. Кемчиликтерди тез арада жоюу милдеттери жүктөлдү",- деп айтылат маалыматта.