Коалициялык көпчүлүк депутат Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына жактырды. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров SUPER.KG порталына 3-ноябрда билдирди. Зулпукаров депутаттар Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдогонун белгиледи.
Ал эми КСДП фракциясы Жогорку Кеңештин 12 комитетин 9 комитет кылуу сунушун колдогонун кошумчалады. "Фракция комитеттердин санын кыскартууну колдоду. Эми жалпы жыйынга чыгарылып, талкууга коюлат. Бирок бул жерде комитеттер жоюлбайт, болгону бир комитет экинчи комитет менен бириктирлип жатат",- деди ал.
Белгилүү болгондой, Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети менен Регламент жана депутаттык этика комитети, Билим берүү, илим, маданият, спорт комитети менен Социалдык саясат комитети, Коргоо жана коопсуздук комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитети бириктирилүүдө.
Комитеттер:
- Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана депутаттык этика комитети;
- Коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер комитети;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети;
- Билим берүү, илим, маданият, спорт жана социалдык саясат комитети;
- Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети;
- Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети;
- Экономика жана фискалдык саясат комитети;
- Бюджет жана каржы комитети;
- Мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитети.