Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2015-жылы 26 миң жаранды иш менен камсыздоого аракет кылууда. Министрликтен 3-ноябрда билдиришкендей, быйыл 9 айдын жыйынтыгында аталган план 82 пайызга аткарылды же 21 200 адамга убактылуу жумуш берилди. Көбү мектеп, бала бакча, спорттук аянтча, административдик мекеме, музей, ооруканалардын имараттарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине тартылган.
Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө жумушсуз деп катталгандардын саны 59 миңдей.