4-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн 0°C
Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн 0°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -4°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн 0°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -2°C
Нарын облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -3°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -1°C