Жылнаама, 4-ноябрь: Мындан 11 жыл мурун "Манас" аба майданында орун алган америкалык "Ганси" авиабазасында аскердик учак кырсыкка учураган

* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы "Манас" аба майданында орун алган америкалык "Ганси" авиабазасында аскердик учак кырсыкка учураган. "Манас" аба майданына конгон F-16-үлгүсүндөгү голландиялык аскердик учактын алдынкы дөңгөлөгү чыгып, учак жеңил кырсыкка учураган. Учкуч жеңил жаракат алып, ал Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

* Мындан 168 жыл мурун, 1847-жылы немис композитору Феликс Мендельсон 38 жашында көз жумган. Ал композитор гана эмес, пианист, дирижёр, педагог да болгон. Анын бүт дүйнөгө тараган чыгармасы "Жайкы түндөгү түш" ("Сон в летнюю ночь") деп аталып, көпчүлүк аны "Мендельсондун үйлөнүү-үлпөт маршы" деп аташат.

* Мындан 93 жыл мурун, 1922-жылы англиялык археолог Говард Картер Мисирден фараон Тутанхамондун күмбөзүн тапкан.
Байыркы Египет фараону Тутанхамон тарыхка анчалык деле из калтырган эмес. 1333-жылы 10 жашында такка отуруп, 9 жыл башкарган. Айрым маалымат булактарында "Тутанхамон биздин заманга чейинки 1324-жылы 19 жашында каза болгон" деп жазылган. Фараондун калдыктарын изилдеген эл аралык окумуштуулар тобу "Тутанхамондун жаш кеткенине безгек оорусунун күчөп кетиши себепкер болушу толук мүмкүн" деп жыйынтык чыгарган. Бул "өспүрүм курактагы фараон киши колдуу болуп же башка илдеттен өлдү" деген божомолдор туура эмес экенин билдирген. Мындан сырткары фараондун карышкыр таңдай, кыйшык таман болгонун, жамбаш сөөгү сынып бүтпөй калганын окумуштуулар изилдеп чыгышкан.

* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы түштүк кореялык ырчы, актёр Т.О.П. Сеулда төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Чхве Сын Хён. Ал Темпо деген чыгармачыл ысымы менен да белгилүү болгон. Кино дүйнөсүнө чейин сахнаны багындырып, түштүк кореялык 5 жигиттен турган популярдуу “Big Bang” деген топтун рэп аткаруучусу болгон. Т.О.П. "Мен Сэм" (2007), "Айрис" (2007), "Кишинин окуясы" (2008), "Менин 19 жашым" (2009), "Оттун ичин көздөй" (2010) тасмаларында роль жараткан.

4-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан