"Республика-Ата Журт" Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына эки талапкер сунуштоодо

"Республика-Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына Максат Сабиров менен Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу маселе фракциянын бүгүнкү жыйынында каралганын фракция катчылыгы кабарлады. Маалым болгондой, бирок фракция чечим кабыл алган жок. Конкреттүү бир талапкерге токтолуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө убакыт берилди.

Буга чейин коалициялык көпчүлүк төрага орун басарларынын санын бештен экиге кыскартуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, бир орун коалициялык көпчүлүккө берилсе, бир орун оппозициялык азчылыкка берилет. Ал эми коалициялык көпчүлүк бул орунга Нурбек Алимбековдун талапкерлигин жактырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан