Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт башчыны жана парламент төрагасын шайлайт

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчыны жана парламент төрагасын шайлашат. Ошондой эле парламенттик комитеттерди да аныктап алышып, алардын төрагаларын шайлашмакчы. Учурда эл өкүлдөрү жалпы жыйынга чогулушуп, жыйынга депутаттардын улуусу катары Анвар Артыков төрагалык кылууда.

Коалициялык көпчүлүк 3-ноябрда өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин, парламент төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин карап, жактырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан