Асылбек Жээнбеков: "Айтылган сындарды ээрчип, Жогорку Кеңешти алсыз кылып албашыбыз керек"

"Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери кыскартылбайт". Муну парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Сынды угушубуз керек, бирок алардын баарын ээрчип кетпешибиз керек. Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери мурда кескин көбөйүп кеткен эле. 2012-жылы кыскартканбыз. Эми мындан ары кыскартууга мүмкүн эмес, штатты кыскартсак аппарат эффективдүүлүгүн жоготот. Депутаттардын чыгымдарын кыскартуу жагын карашыбыз керек",- деп билдирди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан