"Убагында Өмүрбек Бабанов экөөбүз МАИнин коштоп жүрүүсүнөн баш тартканбыз, бирок керек экен" дейт Жээнбеков

"Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтык унаада МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүрүүгө муктаж",- деп билдирди спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков парламенттин 4-ноябрдагы жыйынында. Жээнбеков мамлекет тарабынан кайтарууга алынган кызматкер катары төраганын толук кандуу иш жүргүзүшү үчүн керектүү шарттар түзүлүшү керектигин айтат.

"Убагында мен жана Өмүрбек Бабанов МАИ кызматкерлеринин коштоосунан баш тартканбыз. Өмүрбек мырза муну жарнамалаган, мен унчуккан эмесмин, бирок МАИ кызматкерлери керек экен. "Час пик" деген болот, көчөдө унаа тыгындары башталат. МАИ кызматкерлери убакыттан уттурбоо үчүн керек",- деди спикерликке талапкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан