Камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен жер-жерлерде өтүп жаткан митингдер өлкөдө массалык толкундоолорду жаратууга түрткү болушу мүмкүнбү? (Эксперттердин пикири)

Учурда Кыргызстандын жер-жерлеринде депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабы менен нааразычылык митингдери өтүүдө. Чогулгандар депутаттарды бошотуудан сырткары “Кумтөрдү” мамлекетке алуу, Парламентти таркатуу талабын да коюшту. Эгер коюлган талаптар аткарылбаса, өлкө боюнча нааразычылык акциялары күч ала тургандыгын айтышууда. Маселени улай, мындай митингдердин өлкөдөгү коомдук-саясий абалга тийгизе турган таасири тууралуу айрым адамдардын пикирин сурадык.

 

- Камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен жер-жерлерде өтүп жаткан митингдер өлкөдө массалык толкундоолорду жаратууга түрткү болушу мүмкүнбү? 

 

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:

 

- Өлкөдөгү туруктуулукту бузуу үчүн кандайдыр бир күчтөр аракет кылышы мүмкүн. Бирок массалык толкундоолор болот деп айта албайм. Тигил же бул көйгөйдү айтып митинг уюштура берүү менен маселе чечилбейт. Карапайым элди мындай иштерге мажбурлап пайдалануунун өзү туура эмес. 

 
 

 

 

 

Курмантай Абдиев, ЖКнын депутаты:

 

- Азыр бир нерсе деп аргумент келтирүү кыйын, баарын убакыт көрсөтөт. Баатыр энелердин митингге чыкканын сыналгыдан көрдүм. Алар “биздин үнүбүздү угуп койгула” деген өтүнүч менен турушту. Юрист катары менин жеке оюм, депутаттардын күнөөлүү экенин далилдеген аргументтер жетишсиз болууда. 3-октябрдагы митинг боюнча Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдун эч кандай күнөөсү жок экенин канча жолу айттык. Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрдүк, бирок эч кандай жооп болгон жок. Ташиевдин митингде сүйлөгөн сөзүндө чын эле бийликти басып алууга аракет болгону деле так аныктала элек. Мүмкүн Ташиевдин ишин иликтеп, узагыраак мөөнөткө караса болмок. Беркилерде күнөө деле жок. Айтор, ушундай түшүнүксүз жагдай пайда болуп калды.

 

Турсунбек Акун, акыйкатчы:

 

- Алдын ала эч нерсе айта албайм. Кокус массалык толкундоолор, ызы-чуулар башталып кетчү болсо, буга оппозиция эмес бийлик күнөөлүү болот. Анткени бийлик оппозицияга түртүндү катары мамиле кылбай, алар менен сүйлөшүүгө барышы керек. Азыркы бийликтин келишине учурда оппозицияда жүргөн саясатчылар да салым кошкон. Укук коргоочу катары митингдердин өтүшүн колдойм, бул - демократиянын элементи жана бийлик элдин талабын толук аткара албай жаткандыгынын белгиси. Бирок оппозициянын дагы “эптеп бийликти алмаштыруу керек” деп максат койгону туура эмес. Азыркы бийлик кетсе, Кытайдан же Кореядан келип башкармак беле мамлекетибизди? Кайра эле өзүбүздүн уулдар өлкө башына келет. Ошондуктан азыр бир пикирге келип сүйлөшүү абдан маанилүү болуп турат. Эң башкысы, өлкөдөгү 5 миллион калк бейпил жашашы кажет.

 

Жусупали Исаев, ЖКнын депутаты:

 

- Азыр андай толкундоолорду жарата турган кырдаал жок. Массалык нааразычылыктардын күч алышына олуттуу себептер болушу керек. Менимче, кыргыз эли азыр митингдерге чыгууну каалабай турат. Ага болбой эле айрым адамдардын элди, анын ичинде аялдарды пайдалануу менен ар кандай акцияларды өткөрүп жатканы туура эмес. Бул кыргыз эли өспөсүн, алдыга жылбасын деген адамдардын аракети. Баарына тарых баа берет.

 

 

Шарабидин Токтосунов, жактоочу:

 

- Албетте, коомчулук баарын көрүп турат. Эгер соттор туура чечим чыгарып, кырдаал жакшы жагына өзгөрсө, бул митингдер өзүнөн-өзү эле токтойт. Тескерисинче, айыпталуучу депутаттарга карата адилетсиз өкүм чыкса, элдин маанайы бузулат. Демек, массалык толкундоолорго алып келиши мүмкүн.

 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан