Текебаев: "Ак үйгө кирүүгө жарандар даярданып келиши керек"

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында парламентке кирүүнүн тартиби, кийимге болгон талаптар талкууланды. Жыйында депутат Кожобек Рыспаев: "Бизге түрдүү адамдар келишет, арасында жагымсыз кийингендери болот. Өтүк, көлөччөн, шөлбүрөп кийингендерди Ак үйгө киргизбеш керек",- деп билдирүү менен журналисттердин эркин кийинүүсүнө уруксат берүүнү сунуштады.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев темага байланыштуу бир окуяны айтып берди.

"Илгери бир чабан Коммунисттик партияга мүчө болууга кайрылып калыптыр. Анан андан "Эмне үчүн партияга кирүүнү чечтиңиз?" деп сурашса, чабан "Мен дайыма тоодо жашайм, айылга анда-санда гана түшөм. Бүгүн айылга түштүм эле, эки иштен бир иш, биротоло партияга мүчө болуп коёюн деп силерге кайрылып калдым" дептир. Анын сыңарындай, парламентке деле ушинтип келип калгандар көп. Жогорку Кеңешке келген адам жакшы кийинип, маселесине даярданып келиши керек",- деп билдирди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан