"Ар бир облуска бирден логистикалык борбор ачабыз",- деп айтты өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып. Анын билдиришинче, өкмөттүн бул планы кийинки жылдан тартып толук бойдон ишке ашат.
"Өзүңүздөр билесиздер, жашылча-жемиштерди узак убакытка сактап сатыкка чыгаруу дыйкандарга чоң пайда алып келет. Ошондуктан дыйкандар өздөрүнүн жашылча-жемиштерин сактоосу үчүн кийинки жылдан тартып логистикалык борборлорду ачууну пландап жатабыз. Логистикалык борборлордун айыл чарба жана экономикага да тийгизген пайдасы чоң. Ошондой эле ар бир айыл өкмөткө экиден күнөскана куруу тапшырмасы берилген",- деди Сариев.