* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы саясий ишмер Азимбек Бекназаров Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1977-жылы "Кызыл-Туу" совхозунда жумушчу болуудан баштаса, 1984-1991-жылдары Жаңы-Жол районунда сот аткаруучу болуп сот системинде эмгек жолун баштаган. 1991-1996-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, андан соң ага тергөөчүлүк кызматтарда эмгектенген. 1997-1999-жылдары Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда судья, 2000-2005-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2005-жылдын март айынан сентябрга чейинки убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ал эми 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болгон.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Кыргызстанда А/H1N1 вирусун жуктурган (чочко тумоосу) алгачкы оорулуулардын катталганы расмий түрдө айтылган.
Чочко тумоосу – “А” тибиндеги сасык тумоонун аба аркылуу жуга турган түрү. Анын вирусу адамдын, чочконун жана куш тумоосунун вирустарынын мутацияланган түрү. Ооруган чочкодон адамга, адамдан адамга жугат. Ооруга чалдыккан чочконун этин кармаганда, андай этти колдонгондо да жугат.
* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы англиялык актриса Вивьен Ли Индиянын Дарджилинг шаарында төрөлүп, 1967-жылы 7-июлда 53 жаш курагында Лондондо көз жумган.
Вивьен Ли "Унесённые ветром" (1939) тасмасындагы Скарлетт О’Харанын, "Трамвай "Желание" киносундагы Бланш Дюбуанын ролдору үчүн эки ирет "Оскар" сыйлыгына арзыган. Андан сырткары актриса "Корабль дураков", "Анна Каренина", "Цезарь и Клеопатра", "Леди Гамильтон", "Двадцать один день" ж.б. тасмаларда ролдорду жараткан.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын Техас штатындагы аскердик Форт-Худ майданында массалык өлтүрүү болуп өткөн. Анда 39 жаштагы аскердик врач-психиатр, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн майору Нидал Малик Хасан 13 кызматкерди атып өлтүрүп, 32син жарадар кылган. 2011-жылы 26-январда Нидал Малик Хасан "акыл-эси ордунда, өзүнүн кылган кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү" деп табылып, 2013-жылы 28-августта өлүм жазасына буюрулган.
5-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.