Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жакынкы аралыкта башка кызматка барат. Мындай маалыматты өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бирок ал кайсы кызматка бара турганын айткан жок. "Сарпашевди кызматтан алып, анын ордуна Аалы Карашевди шайлоо коалициялык көпчүлүктүн чечими болду. Сарпашев да жакында башка кызматка барат",- деди Сариев.