Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн иш программасынын долбоорун, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын талкуулоо уланат
Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн иш программасынын долбоорун, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын талкуулоо уланат. Өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев талкууга жазылган депутаттардын суроолоруна 4-ноябрдагы отурумда жооп берип, өкмөттүн 11 приоритеттүү багыттан турган программасын сунуштаган. Бул программа өлкө экономикасынын туруктуу өсүшүн жана каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган.