"Өлкөдө жаштардын идеялык тиреги жок болуп жатат, жаштардын тиреги чет өлкөдө окуган жана мээнеткеч адам болушу керек". Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште 5-ноябрда өкмөттүн иш программасынын долбоорун, өкмөттүн жаңы түзүмү менен курамын талкуулоо учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаштардын басымдуу бөлүгү ар кандай диний агымдарды жана криминалдык топторду идеал тутуп алышууда. "Өкмөт Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюп, анын ордуна агенттик түзүп жатат. Бул демилгени колдойм, бирок агенттик жаштарга өзгөчө көңүл буруусу керек. Учурда 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштардын саны 1 миллион 700 миң экен. Тилекке каршы, ушул жаштар диний агымдар менен криминалдык топторду идеал тутуп алышууда",- деди Акаев.