Оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басарынын ордун тең оппозицияга берүүнү сунуштады. Мындай сунушту ал Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында билдирди. "Жогорку Кеңештин төрагасы коалициялык көпчүлүктөн болду. Эми төраганын эки орун басарынын тең ордун оппозицияга бергиле да, ансыз деле оппозицияга болгону эки комитет берилип жатат. Баарын эле өзүңөр алып аласыңарбы?"- деди Бабанов.
Эскерте кетсек, төраганын беш орун басары болгон болсо, коалициялык көпчүлүк өткөн жумада аны кыскартып, эки орун басарын гана калтырууну чечкен.