Жогорку Кеңеш 6-ноябрда кезексиз жыйын өткөрөт. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Төрага Асылбек Жээнбеков кезексиз жыйындын максаты VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин толук кандуу иш алып баруусун камсыздоо экенин айтты. Маселе добушка коюлуп, каттоодон өткөн 108 депутаттын бирөөсү "каршы" деп добуш берип, калганы макул болду.